КР аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу боюнча чаралар кабыл алынды.

 Кыргыз Республикасынын Президентинин 22-жылдын 2025-майындагы № 164 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарын бузуу менен Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн  чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга өздөрүнүн укуктук абалын Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдаштыруу мүмкүнчүлүгү 2025-жылдын 10-июнуна чейин берилген.

Визанын мөөнөтү бүткөн чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам, жашап турууга уруксат же жашап турууга уруксат жокко чыгарылган, Кыргыз Республикасынын аймагында болуу укугун тастыктаган документтер жок (каттоо, эмгек ишмердигин жүзөгө ашырууга уруксат), же мындай документтерди мөөнөтү өтүп кеткен, же мыйзамдуу болуу мөөнөтү аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүдөн баш тарткан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүдө билдирилген максатка ылайык келбеген максатта келген, Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзиттик өтүү эрежелерин сактабаган адам, эгерде ал ыктыярдуу легалдаштырылса, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган жоопкерчиликтен бошотулат.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.