“Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык, “Роэль Метрополитен Университети” билим берүү мекемесинин администрациясы тарабынан студенттер менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын Президентинин 22-жылдын 2025-майында 164 “Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык, “Роэль Метрополитен Университети” билим берүү мекемесинин администрациясы тарабынан студенттер менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Иш-чара университеттин деканаты, эл аралык бөлүмү жана улук куратору тарабынан уюштурулду. Жолугушуунун жүрүшүндө студенттер төмөнкүлөр жөнүндө кеңири маалымат алышты:

 – Кыргыз Республикасынын аймагында укуктук статусту аныктоо тартиби;

– визаны узартуунун мөөнөттөрү жана шарттары;

– Кыргыз Республикасынын Президентинин 22-майындагы №164 “Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгы менен тааныштыруу;

 – Кыргыз Республикасынын аймагында болуу эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик жөнүндө.

 Декан Сапарова А.З.,  университетинин улук куратору Камбарова Н.А. жана эл аралык бөлүмдүн адиси Жээнбекова Э.Ж. студенттердин суроолоруна жооп берип,  практикадагы оор кырдаалдарды талдап чыгышты.

Студенттер кошумча консультацияларды Москва көчөсү 172, “РМУ” билим берүү мекемесинин  башкы корпусу, каб.110 дареги боюнча  жана 0999317140 номери боюнча ала алышат.