«Роэль Метрополитен Университетинде» мыкты кафедра жана окутуучулар аныкталды

05.06.2025

2024–2025-окуу жылынын жыйынтык рейтинги боюнча «Роэль Метрополитен Университети» мыкты кафедра жана мыкты окутуучуларды аныктады.

Жогорку окуу жайдын академиялык кеңешинин чечими менен «Мыкты кафедра» наамы «Табигый жана гуманитардык дисциплиналар» кафедрасына ыйгарылды.

Ошондой эле окуу, илимий жана тарбиялык жетишкендиктери үчүн бир катар окутуучулар сыйлыкка татыды:

Давлетбакова Дамира Темирбековна, «Табигый жана гуманитардык дисциплиналар» кафедрасынын доценти – ардак грамота, ыраазычылык кат жана акчалай сыйлык менен;

Мамытова Анар Бейшенбаевна, «Стоматология дисциплиналары» кафедрасынын профессору – ардак грамота, ыраазычылык кат жана акчалай сыйлык менен;

Перегудова Ольга Викторовна, «Морфологиялык жана фундаменталдык дисциплиналар» кафедрасынын ага окутуучусу – ардак грамота, ыраазычылык кат жана акчалай сыйлык менен сыйланышты.

Бул сыйлыктар университетте билим берүү, илим жана тарбия жаатындагы жогорку жетишкендиктерди даңазалоо максатында ыйгарылды.